Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар Түркияга жардам үчүн 70,8 млн сом чогултту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке, 27-февралга карата, 70 млн 837,8 миң сом жана 15 миң 250 рубль чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Түркияга жардам үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалаган жарандар ал эсепке сом, доллар, рубль жана евро валютасында акча которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version