Түркиянын белгилүү грек-рим балбаны Рыза Каяалп күрөштөн 4 жылга четтелди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтында айтылат.
Маалым болгондой, 2024-жылы 28-майда Каяалптан кызытмага текшерүү үчүн анализ алынган. 1-июлда спортчуга анализи терс чыгып жатканы тууралуу айтылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын организминен балбандарга колдонууга тыюу салынган «триметазидин» дарысы табылган. Ага байланыштуу Рыза Каяалп 2024-жылдын 1-июлунан 2028-жылдын 30-июнуна чейин күрөштөн четтелиген. Анын 2024-жылдын 28-майынан кийинки жыйынтыктары жокко чыгарылат.
Эскерте кетсек, Рыза Каяалп Олимпиада оюндарында бир жолу күмуш, эки жолу коло уткан. Дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, 3 ирет күмүш жана 2 жолу коло тагынган. Европанын 11 жолку чемпиону, эки ирет күмүш уткан. Былтыркы Париждеги Олимпиадага катышкан эмес. Каяалп учурда 35 жашта, ал 130 кг (мурда 120 кг) салмакта күрөшөт.
Кызытма колдонгон деп күрөштөн четтетилген кыргызстандык спортчулар да жок эмес. Буга чейин Акылбек Талантбеков 4 жылга, Саякбай Усупов 12 жылга жана Сардарбек Конушбаев 4 жылга күрөштөн четтетилген.