Site icon Reporter.kg

Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча 8-9-январда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен алтынчы жыйынын өткөрүү пландалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version