Site icon Reporter.kg

Түркмөнстандын мурдагы жана азыркы президенти Кыргызстанга сапар менен келет

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен Элдик Маслахаттын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга сапар менен келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Сердар Бердымухамедовдун жолугушуусу учурунда айтылды.

Белгилүү болгондой, Акылбек Жапаров Түркмөнстанга КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.

Сапардын алкагында Жапаров Сердар Бердымухамедов менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташуусу талкуулаган. Жапаров 2023-жылы эки мамлекеттин соода алакасы 63 млн 546 миң долларды түзгөнүн айтып, аны арттыруу керектигин белгилеген.

Ошондой эле ал Махтумкули Фраги атындагы маданий-сейил бак комплексинде кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин тургузулганына ыраазычылык билдирген.

Сөз аяында Жапаров кыргыз тарап Сердар Бердымухамедов менен Элдик Маслахаттын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыгызстанга сапар менен келүүсүн күтүп жатканын айткан. Сапар качанкыга белгиленгени кабарланган жок.

Эскерте кетсек, Сердар Бердымухамедов — Түркмөнстандын мурдагы өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. 2022-жылы атасы кызматтан кеткенден кийин президент болуп шайланып келген. Учурда Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы кызматын ээлейт.

Сердар Бердымухамедов атасынын жолун жолдоп, Түркмөнстандын баатыры болду

 

Exit mobile version