Site icon Reporter.kg

Алмаз Атамбаев түрмөдөн бошотулабы? Жапаровдун жообу

Президент Садыр Жапаров түрмөдө жаткан Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алганын Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.  

— Катуу сындап жүргөндөр да, адатта Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши саясий негизде козголду дешкен Ош коогалаңы боюнча жоопко тартылып жатышкан убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тарапкерлери да сизди колдошту. Саясий иш дегендерди жаап салып, түрмөдө жаткан Атамбаевди бошотуп салсаңыз болобу?

— Ушул саясий иш дегендердин баары мен бийлик башына келгенге чейин болгон иштер. Асты 12 жыл, арты 3 жылдан ашкан иштер. Мен сотторго: “Күнөөлүүбү соттогула. Күнөөсү жокпу актагыла. Мурдагыдай сот иштерин Ак үй көзөмөлгө алып турат деген болбосун”,- деп дайыма айтып келем. Соттор ишин так аткарып жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди го. Эмнеге муну көрбөйсүңөр. Соттоп жиберсе, анда дагы “саясий негизде соттоп жиберди” деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы «адилет чечим болду» деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери «Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле» деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп, сотко жиберди. Сот чекитти койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алсын, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты.

Ал эми «Атамбаевди бошотуп ийбейсизби» деген сурооңуз боюнча:

Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсин да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим.

Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version