Site icon Reporter.kg

Түрмөдөн чыгып бийликке келген президенттер. Тизме

Бир катар дүйнөлүк лидерлер президенттик кызматка келгенге чейин эркинен ажыратылып, түрмөдө болушкан. Reporter.kg ушундай башчылар тууралуу түрмөк даярдады.

Лула да Силва

30-октябрда Бразилияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, анын жыйынтыгында Луис Инасио «Лула» да Силва жеңишке жетип, үчүнчү жолу президент болду.

Лула да Силва 77 жашта. Ал Бразилияны 2003-жылдан 2010-жылга чейин жетектеген. Акыркы шайлоо кампаниясында ал бөлүнгөн Бразилияны бириктирүүнү, ошондой эле миллиондогон адамдарды жакырчылыктан чыгарууга жардам берген мамлекеттик экономикалык өсүшкө жана социалдык саясатка кайтып келүүнү убада кылган.

2014-жылы Бразилиянын укук коргоо органдары Petrobras мамлекеттик мунай жана газ компаниясындагы коррупция боюнча иликтөө баштаган. Да Силва бийликке келгенден кийин коррупциялык схема уюштурулуп, курулуш компаниялары Petrobras үчүн ири долбоорлорго контракттарды алып, анын топ-менеджерлерине компенсация төлөп, бийликтеги Жумушчулар партиясына саясий кампанияларын каржылоо үчүн акча которуп турганы белгилүү болгон.

2017-жылдын июль айында Силва коррупция жана арам акчаны адалдоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 9,5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк бул мөөнөт 12 жыл 1 айга чейин көбөйтүлүп, саясатчы 2018-жылы апелляциялык соттун чечими чыкканга чейин эркиндикте жүрүү укугуна ээ болгон. 2021-жылдын мартында Бразилиянын Федералдык Жогорку Соту ага коюлган бардык айыптарды алып салган.

Уго Рафаэльевич Чавес 

1992-жылдын 4-февралында Уго Чавестин жетекчилигиндеги армия колонналары борбор Каракастын көчөлөрүнө чыгышкан. Алар бийликти басып алууну эмес, аны кайра уюштурууну пландап жатышканын билдиришкен. Ошол эле күнү түштөн кийин Уго Чавес бийликке багынып, өз тарапкерлерин куралын таштоого чакырып, бул операцияны даярдоо жана уюштуруу үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алган. Камакка алуу маалында түз эфирде подполковник Чавес ал жана анын шериктери бул жолу өз максатына жетпей, кан төгүлбөш үчүн гана куралын таштап жатканын, бирок алардын күрөшү улана берерин айткан.

Чавес жана анын бир катар жактоочулары камалып, кийинки эки жылды түрмөдө өткөрүшкөн. Эркиндикке чыккандан кийин ал өзүнүн партиясын түзүп, 1998-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Анда ал шайлоочулардын 56 пайыз добушуна ээ болуп, жыйынтыгында президенттикке тынч жол менен келген.

Нельсон Мандела

Түштүк Африканын мамлекеттик жана саясий ишмери. 1994-жылдан 1999-жылга чейин Түштүк Африканын президенти болгон. Ага чейин апартеид режимине каршы турган, адам укуктары үчүн күрөштүн эң белгилүү активисти катары 27 жыл түрмөдө отуруп чыккан.

Он жети ай качып жүргөн Мандела 1962-жылдын 5-августунда бийлик тарабынан камакка алынып, Йоханнесбург түрмөсүнө камалган. Сотто Манделага 1961-жылы жумушчулардын иш таштоосун уюштурган жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып тагылган. 1962-жылдын 25-октябрында беш жылга эркинен ажыратылган. 1964-жылдын 20-апрелинде Жогорку сот тарабынан Русти Бернштейнден башка бардык соттолгондор күнөөлүү деп табылган, бирок 1964-жылдын 12-июнунда алардын жазасы өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мандела өзүнүн мөөнөтүн Роббен аралында өтөп, жыйырма жети жылынын кийинки он сегизин түрмөдө өткөргөн. Түрмөдө жалгыз камерада отурганда Мандела дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон. Анын эскерүүлөрүндө жазылгандай, D-тобундагы туткун катары ал алты айга бир жолу барып, бир кат алууга укуктуу болгон.

Манделаны 1990-жылы, Түштүк Африкага жаңы башчы келгенде гана бошотушкан. Эркиндикке чыккандан төрт жылдан кийин ал президенттик шайлоодо жеңип чыгып, бул кызматты 1999-жылга чейин аркалаган.

Виктор Янукович

Виктор Янукович Украинанын мурдагы мамлекеттик жана саясий ишмери. 2010-жылдан 2014-жылга чейин Украинанын төртүнчү президенти болгон. 2002-жылы Украинанын Жогорку Радасында премьер-министрликке дайындалар алдында ал өмүр баянында 1968-жылы соттолуп, жашы жете электердин колониясында жазасын өтөгөнүн билдирген.

2004-жылдагы президенттик шайлоодо ал экинчи турда Виктор Ющенкого каршы чыккан. Янукович жеңишке жеткени боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийинмассалык нааразылык акциялары башталган.  Жыйынтыгында кайрадан добуш берүү дайындалып, анын жыйынтыгында Ющенко президент болгон.

2010-жылдагы президенттик шайлоодо Янукович экинчи турда Юлия Тимошенкодон озуп, Виктор Ющенконун ордуна президент болуп шайланган. 2014-жылдын 22-февралында, курч саясий кризис учурунда Янукович Украинанын Жогорку Радасы тарабынан бийликтен четтетилген. Бийликтен кулатылгандан кийин Януковичке каршы көптөгөн кылмыш иштери козголгон. 2015-жылдын 4-февралында Украинанын Жогорку Радасы Виктор Януковичти Украинанын президенттигинен ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алган.

Жозеф Эхерсито Эстрада

Филиппиндин 13-президенти Жозеф Эхерсито 1998-жылдан 2001-жылга чейин бийликте болгон.

2000-жылдын октябрында ага кумар бизнесин колдоо үчүн 8,7 миллион доллар пара алган, тамекиге акциздик салыктан мыйзамсыз түрдө акча алган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар тагылган. Ноябрда парламенттин төмөнкү палатасы ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, акыркы чечимди Сенатка калтырган.

2001-жылдын январында сенаторлор анын мыйзамсыз кирешелери камтышы мүмкүн болгон банк эсептерин текшерүүдөн баш тартышкан. Бул чечим массалык нааразылыктарды жараткан.  Манилада президенттин кызматтан кетишин талап кылып, митингге 130 миңдей адам чыккан. Армия менен полиция мамлекет башчысын колдоодон баш тарткан. 19-январда оппозициялык күчтөрдү жетектеген вице-президент Арройо Эстрадага ультиматум коюп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Коомчулуктун ишенимине чыккынчылык кылды жана Конституцияны бузган, паракорлук жана коррупция боюнча айыпталган Жозеф Эстрада 2001-жылдын 20-январында кызматтан кетип, Сенат тарабынан сот жообуна тартылган. Ал 2007-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган, бирок көп өтпөй мунапыс берилип, саясий карьерасын уланткан. 2013-жылы Манила шаарынын мэри болуп шайланган.

Садыр Жапаров

Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында Садыр Жапаров 16 атаандашынан чоң айырма менен алдыга озуп чыккан. Ал шайлоочулардын дээрлик 80% добушуна ээ болгон. Адахан Мадумаров 7%дан азыраак, калган талапкерлер 3%дан аз упай топтогон. Шайлоо менен бирге башкаруу формасын парламенттик республикадан президенттик республикага өзгөртүү боюнча референдум дагы өткөрүлгөн. Бул сунуш көпчүлүктүн колдоосун тапкан.

Жапаров Ысык-Көл облусунун мурунку башчысын барымтага алуу боюнча айыпталып, жазасын өтөп жаткан абагынан түз эле саясатка кайтып келген. Тарапкерлери аны 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмалангандан улам башталган элдик толкундоонун экинчи күнүндө бошотушкан.

10-октябрда Жапаров премьер-министрликке бекитилген. Беш күндөн кийин ал президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетүүгө мажбурлап, анын ордуна мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп калган. Кызматтан кетүү боюнча жазган арызында Жээнбеков Кыргызстандын тарыхында «кан төгүп, жарандарына ок аткан» президент катары калгысы келбей турганын түшүндүргөн

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version