Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип, өмүрүнө кол салган Азамат Эстебесовго телефон алып кирип берген №3 абактын 3 кызматкери жазаланды. Бул тууралуу жактоочу Индира Саутова билдирди.
Ал июль айында Азамат Эстебесов Асел Ногойбаеваны коркутуп жазып жатканына айтып, Атайын прокуратура кайрылган.
«Бирок Атайын прокуратура өзү барып текшербей, менин арызымды Жаза аткаруу кызматына жибериптир. Алар текшерип, телефон алып кирип берүү кызматтык кылмыш эмес деп, тартиптик жазага гана тартышыптыр. Бул прокуратуранын жоопкерчиликсиздиги», — дейт Инди ра Саутова.
«Адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «зордуктоого аракет кылуу» жана «ден соолукка оор залал келтирүү» беренелери боюнча соттолгон Азамат Эстебесов Новопокровка айылындагы №3 түрмөдө жазасын өтөп жатат.
Ал июль айында Асел Ногойбаевага коркуткан билдирүүлөрдү жөнөткөн.
«Түрмөдөн качып чыгам». Асел Ногойбаевага жөнөтүлгөн кат боюнча текшерүү жүрүп жатат