Site icon Reporter.kg

Тышкы карызды төлөө үчүн “ашар” жолу менен акча чогултуу демилгеленди

Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызын төлөө үчүн элден акча чогултууну «Аялдар кеңеши», «Жоокерлердин энелери» демигелешүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда аталган уюмдардын лидерлери  Уулкан Байгубатова жана ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева баштаган аялдар жарыялашты. 

Алар бул демилге карызды убакты төлөө үчүн көтөрүлүп жаткандыгын, ал үчүн атайын эсеп ачылып комиссия түзүлөрүн билдиришти. 

Айнуру Алтыбаева маалымат жыйында көптөгөн жарандардын кайрылууларынан кийин тышкы карызды төлөө үчүн каражаттарды топтоо үчүн атайын өнөктүк демилгеленгенин айтты.

«Биз акча каражатын топтобойбуз. Биз бир гана каражаттын топтолушуна шарт түзүп беребиз. Азыр даярдык иштери жүрүп жатат. Алсак, Каржы министрлиги атайын эсепти ачуунун үстүнөн иштеп жатат. Акча жүгүртүүлөр ачык-айкын жарыяланып турат», — деди Алтыбаева.

Алтыбаева ошондой эле кайра өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган партия лидерлерин үгүт иштерине кете турган каражаттарды атайын эсепке которууга чакырды.

«Биздин кыймылдын атынан депутаттарга да кайрылып жатам. Жеке мен атайын эсепке бир айлык маянамды, 25 миң 500 сом котором», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 4 млрд 824,01 млн долларды түзгөн. Мунун  4 млрд 169,6 млн доллары тышкы карыз болуп саналат. Анын ичинен 1 млрд. 775 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына бересе.  Келишимдер боюнча Кыргызстан карызды 2021-жылдан тартып төлөй башташы керек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү быйыл сентябрь айында сунуштаган. Бирок Кытай тарап буга кандай жооп бергени тууралуу расмий маалымат жок. 

[su_image_carousel source=»media: 44893,44892,44891,44890″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Exit mobile version