Site icon Reporter.kg

Тыштан унаа сатып алуу дээрлик үч эсеге өстү

2022-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда автоунаалардын импорту 2,9 эсеге өстү. Бул тууралуу  Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Кыргызстанда эң көп автоунаа Грузиядан – 6,2 миң,  Орусиядан (3 миң 688 унаа) жана Түштүк Кореядан (3 миң 331) алынып келинген.

Кошумчалай кетсек, быйыл АКШдан автоунаалардын импорту 3,7 эсеге өскөн. Эгерде өткөн жылы республикага 555 автомашина алынып келинсе, быйыл 2590.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version