Түштүк Африкада күтүүсүз жааган кардын кесепетинен Квазулу-Натал провинциясындагы жолдордо кыймыл токтоп калды. Табигый кырсыктын кесепеттери менен күрөшүүгө армия тартыларын жергиликтүү SABC News каналы жазды.
Метеорологдор бороон-чапкын тууралуу эскертип, провинциянын түштүк-батыш бөлүктөрүнө, анын ичинде Ледисмит жана Джайентс-Касл сепилине таасир этерин айтышты. Бир нече каттам толугу менен жабылып калды.
Түштүк Африканын Улуттук Жолдор агенттигинин расмий билдирүүсүндө айтылгандай, бир нече уюмдар тыгында калган айдоочуларга жардам берүү үчүн гуманитардык жардам уюштуруп жатышат.
Эскерте кетсек, акыркы жолу Түштүк Африкада кар 2023-жылдын июль айында, ага чейин Йоханнесбургда 2012-жылдын августунда жааган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз