Site icon Reporter.kg

Түштүк Корея: Сеулда селден жети киши каза тапты

Түштүк Кореянын борбор аймагындагы суу ташкындан кеминде жети адам каза болду. Дагы алтоо дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.

Нөшөрлөгөн жаандан улам Сеулдун бир нече көчөлөрүн, анын ичинде Гангнамды суу каптады. 400дөн ашуун тургун эвакуацияланды. Шейшемби күнү эртең менен ондогон көчөлөр коопсуздук максатында жабылды.

Метеорологдор дагы да сел коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Шейшембиде катуу жамгыр жаашы күтүлөт.

Exit mobile version