Site icon Reporter.kg

Түштүк Корея: Сеулдагы тыгында каза болгондорго аза күтүлүүдө

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл жубайы менен Сеулдагы тыгында курман болгондордун мемориалына гүл коюшту.

Ишемби күнү кечинде Хэллоуин майрамы учурунда Итаэвон районундагы тар көчөдө миңдеген адамдар чогулуп, кеминде 154 адам каза болду.
Өлкөдө бир жумалык аза күтүү жарыяланды.

«Биз аларды коргошубуз керек болчу. Мен өзүмдү күнөөлүү сезип жатам, биз бул жаштардын көңүлүн калтырдык«, — дейт мемориалга келген улгайган аял.

«Окуя коопсуздук чаралары көрүлбөгөндүктөн жана полиция элди көзөмөлдөй албагандыктан болду окшойт. Тез арада коопсуздук чараларын күчөтүү керек«, — деди дагы бир кореялык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

ТИМ: Кореяда каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок
Exit mobile version