Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-премьер-министр Темир Сариев менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын тандоо процесси жүрүп жатат.
Сот имаратында алардын тарапташтары саясатчыларды камактан бошотуу талабы менен митингге чыгышты.
Эки саясатчынын тең Кумтөрдөгү коррупциялык ишке тиешеси бар. Соттун чечими менен алар УКМКнын тергөө абагында камакта. Бүгүн сот камоону узартуу боюнча чечим кабыл алышы күтүлүүдө.