Site icon Reporter.kg

U-17: Балбан Нурсадык Нурдинов Азия чемпиону болду (видео)

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Нурсадык Нурдинов 17 жашка чейинки (U-17) спортчулар арасында Азия чемпиону болду.

65 кг салмакта күрөшкөн Нурсадык Нурдинов финалда индиялык Омкар Каткар менен күч сынашып, беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашын тушеге басып, жеңишке жетти.

Ошондой эле 80 кг салмакта кыргызстандык балбан Самидулло Алимжанов коло байге утту.

Мелдеш Иорданияда өтүүдө.

Exit mobile version