Site icon Reporter.kg

U-17: Дагы эки балбан Азия чемпиону болду

55kg GR - Eldar Murzakulov (KGZ) df. Issei Nishijima (JPN)

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Иорданияда өткөн 17 жашка чейинки (U-17) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында дагы эки алтын жана эки күмүш утту.

Алтын байгени Садыр Кайыпбеков (45 кг) менен Өмүрбек Асан уулу (60 кг) утуп, Азия чемпиону болду.

Ошондой эле Нуртилек Замирбеков (51 кг) менен Курсантбек Исаков (55 кг) күмүш байгенин ээси болду.

Эскерте кетсек, күн мурун ушул эле мелдеште Нурсадык Нурдинов (65 кг салмак) алтын жана Самидулло Алимжанов (80 кг) коло байге утту  .

U-17: Балбан Нурсадык Нурдинов Азия чемпиону болду (видео)

Exit mobile version