Site icon Reporter.kg

Камактагы Фарид Ниязовго катуу оору диагнозу коюлду

Президенттик Аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязовго Гипертония оорусунун өтө жогорку тобокелдиги, III баскыч диагнозу коюлган. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул оору шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын СИЗОдо кармоого болбойт, анткени бул олуттуу оорулардын тизмесине киргизилген.

«Көрсөтүлгөн диагноз ушул жылдын 3-мартында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлер кеңеши тарабынан коюлган», — деп жазган Жоошев.

Ал Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Фарид Ниязовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнүн жол-жобосун баштоону суранды.

18-мартта Фарид Ниязовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып, анын камактагы мөөнөтү 13-апрелге чейин узартылган.

Белгилей кетсек,  Фарид Ниязов 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. 2020-жылдын 6-октябрдагы башаламандык учурунда камактагы саясатчылар менен бирге абактан чыгып 11-октябрда кайра кармалган.

Exit mobile version