Site icon Reporter.kg

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү узартылат 

Өкмөт убактылуу  айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө. Өкмөттүн басма сөз кызматы мунун себебин күбөлүктөрдү алмаштыруу учурундагы узун кезектер менен байланыштырган.

Ал эми жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүүдө. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 11-декабрдан баштап бериле баштаган.

Exit mobile version