Убактылуу алынып келинген унаалар ЕАЭБдин аймагында кайсы айга чейин жүрө алат? Жооп

Убактылуу алынып келинген унаалар ЕАЭБдин аймагында кайсы айга чейин жүрө алат? Жооп

ЕАЭБ ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин жеке муктаждыктары үчүн адамдар тарабынан убактылуу алынып келинген автоунаалардын жүрүү мөөнөтүн узартты. Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда кабыл алынганын  Экономика министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, 2022-жылдын башынан бери ЕАЭБдин эрежелерине ылайык медициналык багыттагы буюмдарды каттоодон өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошентип, ЕАЭБдеги медициналык багыттагы буюмдардын улуттук каттоо күбөлүктөрү ушул жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Ошондой эле, жыйында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 2025-жылга чейинки экономикалык интеграция стратегиясы бекитилди. Муну менен бирге полиуретан жана эпоксиддик жабууларга болгон нөлдүк алымдарды узартуу чечими кабыл алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>