Убактылуу каттоого байланыштуу БШК мүчөлөрү Жогорку Кеңеште маалымат берип жатат

Убактылуу каттоого байланыштуу БШК мүчөлөрү Жогорку Кеңеште маалымат берип жатат

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угуу сунушун берген. Сунуш колдоого алынып, учурда БШКнын төрайымы Нуржан Шалдабекова парламентте маалымат берип жатат.

Жанарбек Акаев шайлоого чейин алты ай аралыгында каттоого тургандарды добуш берүүгө катыштырбоо маселесин карап чыгууну сунуш кылган.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Ушул күндөрү Ош, Каракол, Токмок шаарларына миңдеген жарандар убактылуу каттоого туруп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген.

БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын куруу боюнча демилге көтөргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>