Site icon Reporter.kg

Учактарга «Ош» аэропортуна конууга уруксат берилди

«Ош» эл аралык аэропортунда киргизилген убактылуу чектөө алынып, учактардын конуусуна уруксат берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чектөө саат 17:52де алынган.

Эскерте кетсек, Ош шаарында туман түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүн түштө учактардын конууларына чектөө киргизилген.

Exit mobile version