Site icon Reporter.kg

Учкучсуз учак Татарстанга кол салды. Бир кыргыз жараны жабыркады

Кечээ учкучсуз учак Татарстандын Елабуга шаарына кол салып, эркин экономикалык аймактагы завод жана жатакананы аткылады. Орус медиасынын маалыматында, 13 студент жабыркады, алардын бирөө кыргыз жараны.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жабыркаган студент дарылануу үчүн Казань шаарынын балдар ооруканасына которулууда. Анын жаракаты жеңил.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version