Site icon Reporter.kg

«Учкунда» гараждар түрттүрүлүүдө — видео

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча инспекциясы «Учкун» кичи районундагы гараждарды бузуу иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов райондук соту 3-августта 117 гаражды мыйзамсыз тургузулган деп тапкан. Ага байланыштуу аталган инспекция гараж ээлерине жерди 30-сентябрга чейин бошотуу тууралуу эскертүүлөрдү берген. Эскертүүлөрдөн кийин ээлери тарабынан 10 гараж алынган.

Учурда инспекция 5 гаражды түрттүргөн. Демонтаждоо иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version