Учурда республика боюнча 31 миңден ашык окуучунун сыналгы менен телефону жок

Учурда республика боюнча 31 миңден ашык окуучунун сыналгы менен телефону жок

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктады.

Буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1928 телевизор жана 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.

Жаңы окуу жылынын баштылышына карата сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча облустар аралык статистика:

Облус/шаар Канча окуучунун үйүндѳ телевизору жок Канча окуучунун ѳздүк уюлдук телефону жок
Талас облусу 0 6113
Ош облусу 85 235
Жалал-Абад облусу        264         953
Нарын облусу 119 54
Баткен облусу 238 2392
Ысык-Көл облусу 544 1137
Чүй облусу 1994 12606
Ош шаары 0 193
Бишкек шаары 350 7717
Республика боюнча 3594 31400

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>