Учурда Жогорку соттун төрайымынын милдетин Нургүл Бакирова аткарууда

Учурда Жогорку соттун төрайымынын милдетин Нургүл Бакирова аткарууда

Жогорку соттун төрагасынын орун басары, Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын мүчөсү Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткарат. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева учурда ооруп өргүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын жакын арада камакка алынышы жөнүндө маалымат берген.

24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>