UFC 256: Кыргызстандык Физиев каршылашын сулатып жеңүүчү болду — видео

UFC 256: Кыргызстандык Физиев каршылашын сулатып жеңүүчү болду — видео

АКШнын Лас-Вегас шаарында 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү  UFC 256 турнири өттү. Анын алкагында кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев бразилиялык Ренато Мойкано менен беттешти. 

Беттеш көпкө узабай Физиев атаандашын сулата муштап, биринчи эле раундда нокаут менен жеңишке жетишти.

Бул Рафаэль Физиевдин UFCдеги алгачкы нокаут менен жеңиши.

Рафаэль Физиев акыркы ирет британиялык Марк Диакези менен июль айында беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган. Беттеш кеченин мыкты кармашы деп табылып, кыргызстандык спортчу 50 миң доллар бонуска ээ болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>