Site icon Reporter.kg

UFC: Рафаэль Физиев 6 айга спорттон четтетилди

LAS VEGAS, NEVADA - DECEMBER 04: (L-R) Rafael Fiziev of Kyrgyzstan kicks Brad Riddell of New Zealand in their lightweight fight during the UFC Fight Night event at UFC APEX on December 04, 2021 in Las Vegas, Nevada. (Photo by Jeff Bottari/Zuffa LLC)

UFC мушкери Рафаэль Физиев мурду сынгандыгына байланыштуу жыл аягына чейин килемге чыга албайт.

UFC Vegas 58 турниринде кыргызстандык бразилиялык Рафаэль Дос Аньос менен беттешип, бешинчи раундда нокаут менен жеңишке жетти.

Журналист Ариэль Хельванинин айтымында, жакынкы арада Физиевге сынган мурдун оңдоо үчүн операция жасалат.

Ал октагонго ноябрь же декабрдан эрте эмес кайтып келери такталган.

Ар бир турнирден кийин мушкерлер медициналык кароодон өтүп, жыйынтыгында алган жаракатына жараша медициналык жактан четтетилет.

Exit mobile version