«UFCдеги жеңиштен ырахат албайм» — Хабиб Нурмагомедов эмнеден ырахат аларын айтты

«UFCдеги жеңиштен ырахат албайм» — Хабиб Нурмагомедов эмнеден ырахат аларын айтты

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов октагондогу жеңиштер бир нече жылдан бери ага ырахат тартуулабай келгенин мойнуна алып, чындыгында аны эмне бактылуу кыларын айтты.

«Бардыгы мен UFC чемпиону болсом, мени мушташканды гана жакшы көрөт деп ойлошот. UFCде маал-маалы менен кирип, көңүл ачып, сыртка чыгып турабыз. Кеткенден кийин унутуп калам. Бирок мен акыркы эки жылдан бери жеңишимден ырахат албайм. Мен өмүр бою ушул спорт менен машыктым. Көптөгөн жетишкендиктер, жеңиштер болду. Булар мени бактылуу кылбайт.

Мага кичинекей нерселер ырахат тартуулайт: үйдө отурганда, баламдын алгачкы кадамдарын көргөндөгү көз ирмемдер UFCде жеңишке жетүүдөн алда канча көп ырахат тартуулайт », — деди Нурмагомедов Ташкенттеги пресс-конференцияда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>