Site icon Reporter.kg

Угуусу начар балдар үчүн 5 млн сомго имплантат сатып алынат

2024-жылы Финансы министрлиги угуусу начар балдар үчүн 5 млн сомго кохлеардык имплантат сатып алат.

Кыргызстанда 500дөн ашык бала бул гаждетти колдонот. Аны жардамы менен бөбөктөр угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Белгилей кетсек, Казакстан жана башка өлкөлөрдө тубаса дүлөй балдарга имплантат коюу боюнча операциялар мамлекет тарабынан каржыланат.

25-февралда Кохлеардык имплантаттын эл аралык күнү белгиленет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version