УКМК өлкөгө 25 млн сом зыян тийгизген коррупциялык схеманын бетин ачты

УКМК өлкөгө 25 млн сом зыян тийгизген коррупциялык схеманын бетин ачты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманын бетин ачты.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2018-2020-жылдар аралыгында ишканадагы чарбалык субъектинин өкүлү жооптуу кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, ишканага жогорку сапаттагы жыгач шпалдардын ордуна, сапаты төмөн шпалдарды орноткондугу аныкталган.

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.

Бул факты Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Алдамчылык”) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алынган. Шектүү делген чарбалык субъектинин өкүлү И.Г.А. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен  камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>