Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманын бетин ачты.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 2018-2020-жылдар аралыгында ишканадагы чарбалык субъектинин өкүлү жооптуу кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, ишканага жогорку сапаттагы жыгач шпалдардын ордуна, сапаты төмөн шпалдарды орноткондугу аныкталган.
Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.
Бул факты Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Алдамчылык”) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алынган. Шектүү делген чарбалык субъектинин өкүлү И.Г.А. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган.