Site icon Reporter.kg

УКМК: «24.kg» басылмасына согушту пропогандалоо айыбы менен иш козголду

«24.kg» басылмасына согушту пропогандалоо айыбы менен иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, медиага каршы  Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси боюнча иш ачылган.

Комитет кеңседеги тинтүүдөн кийин компьютердик техника, ноутбук жана башка заттар иштин алкагында далил катары алынганын белгилейт.

«24.kg» басылмасынын башкы редактору Асел Оторбаеваны жана редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарды УКМКнын кызматкерлери  суракка алып кетишти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version