УКМК: 300 миң сом салык төлөбөгөн адам аныкталды

УКМК: 300 миң сом салык төлөбөгөн адам аныкталды

300 миң сом салык төлөбөгөн адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түндүк” темир жол бажысынын жана УКМКнын кызматкерлери, М.Б.А., аттуу адамга Түштүк Кореядан келип,  “Аламүдүн” темир жол станциясынын аймагында турган жүктү текшеришкен.

Анын жыйынтыгы менен аталган жүк бажыдан декларацияланбаганы аныкталган.

Бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын-ала суммасы 300 000 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып иликтөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>