«Ак-Була Араван пахта заводунун» 11,14 гектар жери жана имараттары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 1997-жылы айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, заводдун жери менен Р.В.А. аттуу чет элдик жарандын жеке менчигине өткөрүп беришкен.
Завод көп жылдан бери иштебей, ишкерлер тарабынан соода аянтчасы катары колдонулуп келген.
УКМК мамлекетке кайтарылган объекеттин баасы 3 млрд 217 млн сомду түзөрүн билдирди.