Түрмөдө отурган террористтик жана экстремисттик уюмдардын беш мүчөсү экстремисстик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Алар 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаардык соту тарабынан алды 25 жылга арты 6 жылга абакка кесилген.
“Аталган адамдар бул идеологияны катачылык жана пайдасыз деп таанып, өлкөнүн калкын, айрыкча жаштарды диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынын терс таасиринен сак болууга жана анын ишине катышпоого чакырды”, — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 21 экстремисттик жана террордук топтун ишине жана алардын идеяларын жайылтууга тыюу салынган.