Айбек Калиев мурда жазасын өтөп жаткан абакка өзү кайтып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 12-октябрда «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев мурда жазасын өтөп жаткан абакка өз кайтып барган. Ал 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз бошонуп чыккан.
Белгилей кестек шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгарылган.
10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кайра кармалган.
Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков 11-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин тергөө кызматында сурак берип кайра кое берилген.
Буга чейин Башкы прокуратура башаламандык учурунда абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылган.