Site icon Reporter.kg

УКМК «Айчүрөк» соода борборундагы телефондорду эмнеге алып кеткенин айтты

ЦУМ

Кыргызстанга уюлдук телефондорду ташып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, чет жактан телефон ташыган кишилер Чек ара кызматынын кызматкерлери жана башка кызмат адамдары менен коррупциялык байланыш түзүп, аткезчилик жол менен телефон алып келип, бажы алымын төлөбөш үчүн аларды Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандарынын аттарына мыйзамсыз катташкан. Чек ара кызматкерлери телефондорду каттоо үчүн аларга жарандардын паспорттук маалыматтарын берип турган.

Ага байланыштуу УКМК кызматкерлери 3-декабрда Бишкектеги «Айчүрөк», Beren Gold соода борборлоруна, Ош шаарындагы «Мобилдик телефондор» дүкөнүнө барып, катталбаган телефондорду алып кетишкен.

Алдын ала эсеп боюнча, мамлекеттик бюджетке 100 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Exit mobile version