УКМК: Айеркен Саймаити Азаттыктын журналисттерине 100 миң доллар төлөп берди

УКМК: Айеркен Саймаити Азаттыктын журналисттерине 100 миң доллар төлөп берди

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Жыйында ИИМдин өкүлү Кыргызстанда «Манас» аэропортунун жанындагы таксисттин өлүмүнүн Саймаитиге байланышы жок экени аныкталганын айтты.

«Түркия Кыргызстан талап кылган маалыматтарга жоопту толук берип жатабы?» деген суроого Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди:

«Түркияга биз тергөөнү кызыктарган беш-алты маселе койгонбуз. Саймаитинин өлгөндүгү тууралуу маалымат берилди. Ал эми аны ким, кандай жагдайда өлтүргөнү, буйрукту ким бергени тууралуу толук материал берилген жок. 2005-жылы кол коюлган кызматташтык тууралуу келишимге ылайык, алар маалымат бербегенинин себебин түшүндүрүшү керек болчу. Бирок ушунча убакыт өттү, түшүндүрүшкөн жок. Ошондой эле аларда мамлекеттик кызыкчылык туудурган маселе боюнча бизге маалымат бербей коюуга укугу бар экен», — деп жооп берди.

Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров кайсыл тарап, кайсы журналисттерди жалдаганын сурады.

УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулунун айтымында, күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине кайрылган. «Журналисттердин ортосунда акча алуу болгон. «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар акча берилген», — дейт ал.

Депутат күбөлөрдүн видеосун бир сааттын ичинде алып келүүнү сунуштады. Жыйынтыгында УКМКнын өкүлдөрү күбөлөрдүн видеосун саат 18:10до алып келмей болушту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>