Site icon Reporter.kg

УКМК: Ак-Талаада май куюучу жайдын 12,3 млн сомдук жери мамлекетке кайтарылды

Нарындын Ак-Талаа районунда май куюучу жай курууга мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кызмат адамдары жеке ишкер менен тил табышып алып, Баетов айыл аймагынан май куюучу жай курууга жер бөлүп, аны ишкердин менчигине мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Мамлекетке кайтарылган жердин баасы 12,3 млн сомду түзөт.

Exit mobile version