Site icon Reporter.kg

УКМК: Аламүдүндө 110,8 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Чүйдүн Аламүдүн районунда баасы 110 млн 843 миң сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, мурда ал бала бакчанын имараты «Эдельвейс-трикотаж» акционердик коомуна таандык болгон. Бирок 2000-жылы ал сот тарабынан банкрот деп таанылып, имарат менен анын жери Октябрь айыл өкмөтүнө өткөн.

Бирок 2008-жылы ал мыйзамсыз жол менен жеке менчикке берилип кетип, учурда тигүү цехи катары колдонулуп жаткан.

УКМК бидиргендей, быйыл сентябрдын аягында мүлк ээлери имаратты менчикте кармап отурганы мыйзамсыз экенин түшүнүп, өз ыктыяры менен айыл өкмөткө өткөрүп берген.

Бала бакча менен ага караштуу жердин аянты 1,2 гектарды түзөт.

Exit mobile version