Site icon Reporter.kg

УКМК алардын атын жамынган шылуундардан сак болууга чакырды

УКМК алардын кызматкерлеринин атын жамынып шылуундук иштерди кылган адамдардан сак болууга чакырды.

Акыркы кезде шылуундар УКМКнын кызматкерлеринин атынан жарандарга чалып, коркутуу же манипуляция жолу менен акчаларын алып алууда: Алар тузакка түшүрө турган адам тууралуу ачык маалыматтарды топтоп, «УКМКнын кызматкеримин» деп чалышат. Акчасын кимдир бирөөлөр алып койгону жатканын, аны сактап калуу үчүн коопсуз эсепке которуш керек экенин же эсептен чыгарып алар жөнөткөн курьерге бериш керектигин айтышат. Жарандар аларга УКМКнын кызматкерлери чалып жатат деп ойлоп, шылуундардын эсебине акчаларын которуп коюшат.

Атайын кызмат билдиргендей, телефон чалган шылуундар чалган айрым учурда УКМКнын тергөө бөлүмүнөн экенин айтып, кылмыш ишин козгобошу үчүн акча которуп берүүнү талап кылышат. Учурда УКМК кызматкерлеринен дээрлик баары корккондуктан, жаран куугунтук болушу мүмкүн деп кооптонуп, шылуундарга акчасын которуп берет. Айрыкча шылуундардын тузагына мамлекеттик органдардын жетекчилиги түшүп калат. Себеби шылуундар өзүнө керектүү адамдын үнүн заманбап технологиялардын жардамы менен жасап алып, колдонушат.

УКМК жарандарды шылуундарга ишенбөөгө, зарыл учурда 0312 66 04 75 же 62 65 04 номерине кабар берүүсүн суранат.

Exit mobile version