УКМК Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчисин суракка чакырды

УКМК Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчисин суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча малекеттик кызмат Алмазбек Атамбаевдин маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Алмаз Үсөновду суракка чакырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аны Абдил Сегизбаев боюнча көрсөтмө берүүгө чакыртылган жана эки саатка созулган. Ал тергөө иштери тууралуу маалымат таркатпоого кол коюп чыккан.

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан алты иш тергелип жатат. Бишкеке шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган.

Ал эми президенттик шайлоо учурунда Алмаз Үсөнов талапкер Абдил Сегизбаевдин штабын жетектеп турган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>