Site icon Reporter.kg

УКМК Атамбаевдин ден соолугу тууралуу маалымат таратты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы мурдагы президент Алмазбек Атабмаевдин ден соолугу тууралуу маалымат таартты.

Абалы канааттандырарлык. Эч кандай арыздануусу жок, күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп жазылат атайын кызматтын кыскача билдирүүсүндө.

Буга чейин Кой-Таш окуясы боюна өтө турган соттук отурумдар Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу  жылдырылган болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Exit mobile version