УКМК алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Нурбек Акановду камакка алды

УКМК алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Нурбек Акановду камакка алды

Алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Нурбек Аканов УКМК тарабынан  кармалганын turmush.kg басылмасы жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда бир нече күн мурун УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен кармаган 5 кишинин бири алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Аканов.

Басылмага кайрылган балбандын жакындары Акановдун уюшкан кылмыштуу топко тиешеси жоктугун, тескерисинче «Чач» каймана атындагы жарандан спортчу жабыр тартып келгенин айтышкан.

«Маалымат каражаттарында бүт эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Чачтын» адамдары кармалды деп жайылып жүрөт. Негизи ошо «Чач» дегени биздин инибиздин өмүрүнө коркунуч жаратып, кол салган учурлары болгон. Сузакта ок чыгарган да ошол болот. Жабыркагандар биз болсок, биздикилерге кол салган адам жооп бериши керек болчу. Тескерисинче жабыр тарткан Нурбек иним да кошо кармалганы бизди кейитип жатат. Акыйкат чечим күтөбүз», — деген алар.

Белгилей кетсек, 16-декабрда УКМК “Чач” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Э.Мурзахметовдун адамдарынын милиция кызматкерине жана жарандарга куралдуу кол салган деп уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалганын кабарлаган.   

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>