Ош облусунун Араван айылындагы «Араван райондук автобекети» 33 сотых жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
КР УКМК Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,33 га болгон борбордук «Араван автовокзалын» мамлекеттин балансына кайтарды.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2000-жылдары автобекет 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган. Алар «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамын бузуу менен бекеттин аймагында соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.
«Текшерүү иштеринин жүрүшүндө менчик ээлери объектини өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.