УКМК: Атамбаевди бошотууда судьяга зомбулук көрсөтүлгөн

УКМК: Атамбаевди бошотууда судьяга зомбулук көрсөтүлгөн

6-октябрга караган түнү Биринчи май райондук сотунун судьясы басым алдында Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу токтомго кол коюп берген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын тараткан билдирүүсүндө, судьяга ошол күнү зомбулук дагы  көрсөтүлгөндүгү айтылат.  УКМК ошондой эле, мурдагы президенттин кайрадан кармалышын төмөндөгүдөй түшүндүргөн:

«Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чыккан сот чечиминин негизинде кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ошондой эле Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат”.

Учурда бул факты боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши иликтенип, аталган токтомду жокко чыгаруу маселеси каралып жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 4-октябрда өткөн шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыгарылган. Башаламандык учурунда мурдагы президенттен сырткары абакка келген жана тергөө абагында жаткан бир нече саясатчы чыгып кеткен.

10-октябрдан тартып акбактан чыгып кеткен саясасатчылар кайра кармала баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>