Site icon Reporter.kg

УКМК Атамбаевге пневмония оорусу жактоочудан жуккан деп шектенет

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын билдирүүсүн чындыкка дел келбейт деп атады.

Буга чейин Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү мурдагы президентке ооруну атайлап жугузушту деп атып чыгышкан.

“Атамбаевдин үй-бүлөсү бул кайрылуусу менен мурдагы президентти саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууга аракет кылып жатышат. 29-июнда Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыгына  байланыштуу андан ПЦР анализ алынып, жыйынтыгы таза чыккан. Азыркы убакта Атамбаев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгындагы  ооруканада дарыланууда.”, – деп жазылат билдирүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда, акыркы жумада Атамбаев бир нече жолу жактоочусу З.Жоошев менен жолугушкан.

«Расмий маалыматтарга ылайык, З.Жоошевден вирустун айрым белгилери байкалып, COVID-19 вирусунун белгилери менен Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу аныкталган”, ­– деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө, УКМКнын тергөө камак жайынын кызматкерлеринен коронавирустун белгилери табылбагандыгы айтылат.

Exit mobile version