УКМК: «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча бир нече адам суралды

УКМК: «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча бир нече адам суралды

«Азаттык» үналгысынын журналисттик иликтөөсү боюнча бир нече адам суралып, сотко чейинки өндүрүштөр уланууда. Бул тууралуу Улуттук кооопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова,  Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов сурак берген.

Стамбул шаарындагы Кыргызстандын мурунку консулу Эркин Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле «Азаттыктын» журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары сурака чакырылышкан.

Тергөө иштери объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө иштери калыс жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>