УКМК: Баңгизатка каршы күрөшүү мекемесинин Бишкектеги башчысы кармалды

УКМК: Баңгизатка каршы күрөшүү мекемесинин Бишкектеги башчысы кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча жетекчиси пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-ноябрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына С.Р. аттуу келин арыз менен кайрылган. Арызда ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кылмыш ишти оң жакка чечүү үчүн андан 3 миң доллар талап кылганын айткан.

23-ноябрь күнү УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн  ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө, баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шары боюнча жетекчиси Н.Б. 50 миң сом пара менен кармалган.

Шектүүнү кармоо учурунда ал из жашырууга аракет кылып, арыз жазган келинди машинеси менен сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге Тез жардам унаасы чакыртылып, жабыркаган келин ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>