Site icon Reporter.kg

УКМК: Баасы 117 млн сом болгон «Токмок» унаа бекети мамлекетке кайтарылды

Чүйдөгү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен «Токмок» унаа бекети мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 1997-жылы «Токмок жүргүнчү ташуу ишканасы» (унаа бекети) ААКсынын акцияларынын көпчүлүк бөлүгү мыйзамсыз жол менен жеке колдорго өтүп кетип, ал жерде бир нече адамдын үлүшү болгон. Ошол эле учурда мамлекетте 30% үлүш калганына карабай, өлкө бюджетине бир тыйын да пайда түшкөн эмес.

Териштирүү иштеринин натыйжасында акционерлер унаа бекети мыйзамсыз менчиктештирилгенин моюнга алып, баасы 117 млн сом болгон унаа бекетин өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып берген.

Exit mobile version