УКМК Бакиевди жактап маалымат тараткан ЖМКларга эскертүү берди

УКМК Бакиевди жактап маалымат тараткан ЖМКларга эскертүү берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттиккомитети Курманбек Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдоп маалымат тараткан ЖМК жана журналисттерге эскертүү берди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирүү тартты.

“Мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу, УКМК мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет”, — деп жазылат билдирүүдө.

30-июль күнү НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында мурдагы президент курманбек Бакиедин туулган күнүнө карата аны жактаган куттуктоо тасмалары көрсөтүлгөн.

2005-жылкы ыңкылаптан кийин президент болуп шайланган Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрел окуясынан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Ал жана туугандары адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>